Пятница, 26 апреля

Эртен Айтматовдун IV Ыссык-Көл форуму өтөт

0

Эртен борбор калаадагы Хаят мейманканасында Айтматовдун IV Ыссык-Көл форуму өтөт. Иш-чараны уюштурууга Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги, Түрк дүйнөсү муниципалитеттер биримдиги жана Юнус Эмре институту көмөк көрсөтүүдө.

«Айтматов шеринеси»деген ат менен да таанымал Айтматовдун IV Ыссык-Көл форумунун алгачкы бөлүгү 11-декабрда Бишкекте, экинчи бөлүгү болсо, кийинки жылы 9-10-июнда Анкарада өткөрүлөт.

Бишкектеги иш-чарага Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат, Айтматовдун Ыссык-Көл форуму проектисинин координатору Өмер Эрдоган жана башкалар катышмакчы. Форум пандемиянын шарттарына ылайык уюштурулгандыктан “шеринеге” Түркиядан Маданият жана туризм министринин орун басары Надир Алпарслан, Түркия парламентинин эл өкүлү Асуман Эрдоган: Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев сыяктуу коноктор да салымдарын кошмокчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз