Вторник, 7 мая

Евробиримдиги Түркияга каршы санкцияларды узартты

0

Евробиримдик Жер ортолук деңизиндеги аракеттерине байланыштуу Түркияга каршы санкцияларды узартты. Мындай чечим 10-декабрда Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин Брюсселде өткөн саммитинде кабыл алынды.

Ага ылайык, Түркияга 2019-жылдын 11-ноябрында киргизилген санкциялык чаралардын мөөнөтү дагы узартылат.

Еврошаркеттин мүчөлөрү Түркия Жер ортолук деңизинде мыйзамсыз саясат жүргүзүп жатат деп эсептейт.

Шаркет Жер ортолук деңизинде Түркия боюнча чечимдери менен аракеттерин АКШ менен бириктирүүнү көздөй турганын жарыялады.

Евробиримдик санкция тууралуу чечим кабыл алары күтүлүп жаткан учурда түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган өз өлкөсү Жер ортолук деңизинин чыгышындагы аракеттерин улантарын, санкция тууралуу кандай чечим болбосун Түркияга анчалык деле таасир этпей турганын айтты.

Буга чейин Евробиримдиги Жер ортолук деңизиндеги аракеттери үчүн Түркияга каршы катаал санкцияларды киргизүү үчүн чечим кабыл алган болчу.

Эскерте кетсек, Түркия Жер ортолук деңизинде сейсмикалык изилдөө иштерин жүргүзүп жатат. Грек тарап болсо Анкара  анын континенттик шельфинин чектерин бузгандыгын айтууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз