Воскресенье, 19 мая

Кубан Чороев сотко доо арыз менен кайрылды

0

БШК тарабынан жарыштан четтетилген Кубан Чороев Бишкек шаарынын административдик сотуна доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, сот отуруму эртең, 12-декабрда болот.

«Менин адвокаттарым тиешелүү доо арызын даярдашты. БШК тарабынан мыйзам бузуу болгонуна дээрлик толук ишенебиз. Анын үстүнө, бул чечим көпчүлүк мүчөлөр тарабынан колдоого алынган жок. Алар өзүлөрү сот чечсин деген түшүнүктү беришти. Анткени БШК чечим кабыл алуу үчүн жоопкерчиликти ала алган жок. Сот мыйзамдуу чечим чыгарат деп терең ишенебиз», – деди ал.

Эскерте кетсек, 7-декабрда президенттикке талапкерлердин кол топтоо баракчаларын текшерип жаткан БШКнын жумушчу тобу Кубан Чороевди шайлоо жарышынан четтетүү чечимин кабыл алышкан. Кубан Чороев кол топтош үчүн баракчаларды басып чыгарууга акча төлөбөй туруп кол топтой баштаган. Анын кол топтоо баракчалары жараксыз деп табылганы белгилүү болгон.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз