Воскресенье, 19 мая

Сот Бакыт Таировду февралга чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды

0

Бишкектин Биринчи май райондук соту Бакыт Таировду 2-февралга чейин камакта калтырды. Мындай чечим 11-декабрда чыгарылганын райондук соттон кабарлашты. Таиров атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайында болот.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) мурдагы төрагасы Бакир Таиров 10-декабрда кармалган.

Ал октябрдагы парламенттик шайлоо үчүн мамлекеттик мекемелерден акча чогулткан деп шек саналууда.

Атайын кызмат акча өндүрүлгөн мамлекеттик ишкананын жана партиянын аталышын, мажбурлап алынган акчанын суммасын тактаган жок.

Бакир Таиров УКМКнын жогоруда сөз болгон маалыматы боюнча комментарий бере элек.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз