Воскресенье, 19 мая

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси түрк ишкерлери менен болгон онлайн жыйынга катышты

0

2020-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Кыргыз Республикасынын Өнөр-жай палатасы (КСӨП) менен Түркиянын Соода палаталар жана товардык биржалар Союзунун (TOBB) ортосундагы Кыргыз-Түрк Соода жана Өнөр-жай форумунун түрк тарабынын мүчөлөрү-ишкерлери менен видеоконференцияга катышты.

Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Өмүралиев катышуучуларга Кыргызстандагы экономикалык кырдаал, өлкөбүздө инвесторлорду жана ишкерлерди коргоо жана колдоо үчүн көрүлүп жаткан чаралар, анын алкагында КРнын Өкмөт жана Тышкы иштер министрилиги жетекчилеринин Бишкекте жана региондордо ишкерлер менен жолугушуулары жөнүндө маалымат берди. К.Өмүралиев түрк бизнесмендерин Кыргызстандын экономикасын активдүү инвестициялоого чакырды.

Жогоруда айтылган чаралардын практикалык кадамы катары Өмүралиев ишкерлердин ишмердүүлүгүн жеңилдетүүгө багытталган КРнын мамлекеттик мекемелери тарабынан бизнести текшерүүлөрүнүн дагы бир жылга – 2022-жылга чейин токтотулгандыгын белгиледи.

Ошондой эле түрк ишкерлери менен 2021-жылда КРнын Ысык-Көл облусунда эки өлкөнүн ишкерлеринин катышуусу менен Кыргыз-Түрк Бизнес-форумун өткөрүү маселеси талкууланды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз