Пятница, 10 мая

Бишкек мэриясынын алдында шаардагы курулушка каршы акция өтүүдө

0

Бүгүн, 15-декабрда Бишкек мэриясынын алдында борбор калаадагы баш аламан курулушка каршы акция өтүп жатат. Ага жыйырма чакты жарандык активист катышууда.

Акция Бишкек шаарынын деталдуу планын жокко чыгарууну талап кылууда. Катышуучулар аталган пландын негизинде Бишкектеги жер аянттары бизнес чөйрөсүнө берилип жатат, ишкерлер көп кабаттуу үйлөрдү курганы менен инфраструктура, шаардын экологиясы унутта калып жатат деп билдиришүүдө.

Акцияга чыккандар ошондой эле жаңы курулуп жаткан үйлөр стандартка жооп бербейт деп эсептешип, курулушка уруксат берип жаткан шаар бийлигин жоопкерчиликке тартууну талап кылып жатышат.

Чогулгандар ошондой эле шаар башчылыгын абанын булгануусун токтотуу боюнча чара көрүүгө чакырды. Бишкек абанын булгануусу боюнча дүйнөлүк рейтингде алдыңкы катарда турат.

Мэриянын жетекчилиги акциянын катышуучуларынын талаптарын угууга чыга элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз