Сутка ичинде коронавирус 236 адамдан аныкталды

0

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 236 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте коронавирус 51 адамдан, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 82, Ош облусунда – 9, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 47, Жалал-Абад облусунда – 24, Баткен облусунда 6 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 417 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Министрдин орун басары белгилегендей, акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 4 адам каза болгон: Бишкекте – 2, Чүй облусунда – 2 киши. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 948 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 904 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 2 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 3, стационардан 8 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 41 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 781 медкызматкер айыгып чыкты”, — деди ал.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 77 миң 910 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 70 миң 867 киши айыгып чыкса, 1 миң 316 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз