Бир күн мурда Аргентинада күндүн толук тутулушу болду. Бул кубулушка Аргентиналыктар кызыгуу менен байкоо салышты.
Белгилей кетсек, айдын көлөмү Күндөн 400 эсе кичине болгону менен, ал Жерге 400 эсе жакын айланат, ошондуктан Ай менен Күндүн чоңдугу асманда бирдей болуп көрүнөт. Ай Күн менен Жердин так ортосуна келгенде, ал Күндүн бетин басат жана аны Күндүн тутулуусу дешет. Күндүн толук тутулушу ар бир эки-үч жылда бир жолу болуп турат, бирок Жердин кайсы бир аймагында аны 300 жылда бир жолу гана көрсө болот.