Президенттик шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча БШК маалымат берди

0

Президенттик шайлоону жана мамлекетти башкаруу формасын аныктоо үчүн 2021-жылдын 10-январында өткөрүлө турган референдумду уюштуруу иш-чараларын жүргүзүү боюнча БШК маалымат берди.

Кыргызстандагы кезексиз президенттик шайлоого жана 2021-жылдын 10-январына белгиленген референдумга катыша ала турган 3 миллион 552 миң 582 шайлоочу бар.

Нуржан Шайлдабекова тизмеге өзгөртүүлөрдү 29-декабрга чейин киргизүүгө болорун тактады. Бул шайлоодо № 2 форма болбой тургандыгын, анын жоктугунан шайлоочулардын саны азайгандыгын белгиледи.

Добуш берүүгө катыша турган чет өлкөлөрдө 35 575 адам каттоодо турат. Ошондой эле, Шайлдабекованын  айтымында № 2 форма чет өлкөлөрдө колдонулат.

Президенттик шайлоону жана референдумду өткөрүү үчүн 39 миллион сом чыгым сарпталары жана бул каражаттар бюллетендерди даярдап, шайлоо комиссияларына жеткирүүгө жумшала тургандыгы айтылды.

Шайлоо күнү участкаларда бири референдумга, экинчиси президенттик шайлоого арналган урналар коюлат. Бюллетендер бири-биринен айырмаланып турушу үчүн алардын түстөрү эки башка болот.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Ага кошуп мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо боюнча да референдум дайындалган. Кыргызстандыктар бул күнү өлкө президенттик же парламенттик башкарууга өтүшү керектигин аныктайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз