Воскресенье, 19 мая

Садыр Жапаров элге кайрылуу жасады

0

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, шайлоо процессине активдүү катышып берүүнү суранды. Бул тууралуу ал 15-декабрда Instagram социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

“Шайлоо процессине активдүү катышып беришиңиздерди суранып кетет элем. Ал үчүн 29-декабрга чейин азыркы жашап турган дарегиңиздерге катталып коюңуздар. Эгер 29-декабрга чейин каттоодон өтпөй калып же каттооңор айылда болсо, анда шайлоо күнү айылга барып добуш берүүгө туура келет.

Кыргызстан тарыхий бурулушта турабыз. Себеби президенттик шайлоо менен катар өлкөбүздө кандай башкарууну каалайсың деген суроо менен референдум өтөт. Кайдыгер карабай Мекенчил болуп, ар кимибиз өз оюбузду билдирели. Көпчүлүк элдин пикири менен эсептешип, башкаруу системасын түзөлү” – деп жазган Садыр Жапаров.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз