Пятница, 22 ноября

УКМК: Өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары кармалды

0

Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары «А.А.М.» кармалды. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.

Учурда бул кызматта Араев Азамат Муратович иштеп жаткан, ага УКМК берген инициалдар дал келип жатат.

«2020-жылдын 15-декабрында Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде, өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы «А.А.М.» кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылган маалыматта.

УКМК жана Аскер прокуратурасынын мекемелер аралык ыкчам тергөө тобу айрым мамлекеттик органдардын жана өкмөттүн аппаратынын кызмат адамдары тарабынан радио жыштыктарды сатып алуу-сатуу боюнча келишим түзүүдө жана аларды пайдаланууга лицензияны кайра берүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жаткандыгын да билдирди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз