Пятница, 22 ноября

Касым-Жомарт Токаев ким?

0

Казакстан президентинин милдетин убактылуу аткаруучу Касым-Жомарт Токаев 1953-жылы 17-майда Алматыда төрөлгөн.
Билими
1970-жылы Токаев СССР ТИМнин алдындагы МГИМОго тапшырган. Бешинчи курста СССРдин КЭРдеги элчилигине диплом алдындагы жарым жылдык практикага жөнөтүлгөн.
1991-жылы СССР ТИМнин Дипломатиялык академиясынын квалификацияны жогорулатуу курсуна тапшырган.
Жумушу
1975-жылы СССРдин Тышкы иштер министрлигине жумушка алынып, Сингапур Республикасындагы советтик элчиликке иштөө үчүн жөнөтүлгөн. 1979-жылы СССР ТИМнин аппаратына кайтып келген. 1983-жылы Кытайга Пекин лигвистика институтуна 10 айлык стажировкага барган.
1984−1985-жылдары СССР ТИМинде иштеген, андан соң Пекиндеги советтик элчиликке жөнөтүлүп, 1991-жылга чейин экинчи, биринчи катчы жана кеңешчи кызматтарында иштеген.
1992-жылы Токаев Казакстан Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалган.
1993-жылы ал тышкы иштер министринин биринчи орун басары болгон жана 1994-жылы тышкы иштер министри болуп дайындалган. 1999-жылы мартта премьер-министрдин орун басары болгон.
1999-жылы октябрда парламенттин макулдугу менен, Казакстан Республикасынын президентинин Буйругу менен премьер-министр болуп дайындалган. 2002-жылы январда отставкага кетип, кийин мамлекеттик катчы – тышкы иштер министри болуп дайындалган.
Тышкы иштер министри кызматын 2007-жылга чейин ээлеп, андан соң Казакстан Республикасынын парламентинин Сенатына төрага болуп шайланган.
Тышкы иштер министри кызматын Токаев жалпысынан 10 жыл (1994-1999, 2002-2007) ээлеген.
Токаев аралашкан чырлар
2014-жылы россиялык РЕН-ТВ каналынын журналисттери Геленжикте казакстандык бизнесмен тарабынан “тез жардамдын” айдоочусун Токаевдин сүрөтү көрүнгөн жагдайда сабаган сюжетти көрсөтүшкөн.
Мындан тышкары Токаев 2000-жылдын башында Казакстан ТИМнин Коноктор үйүнүн эки ирет сатылышына байланышкан чырда аты аталган. Казакстандын борбору Астанага көчүрүлөр менен Конок үйү Алматы акимиатынын карамагына өткөрүлүп берилген. Аянты 70 сотыхка жакын Алматынын эң кымбат райондорунун биринде жайгашкан бул жайдын ошол учурдагы баасы $8 млн. турган.
Имарат алгач 2000-жылы болгону 10 млн. тенгеге сатылган, ал эми экинчи ирет – 2004-жылы – сумма 280 млн. тенгени түзгөн. Акчаны айыл чарбасы менен алектенген, ошол учурдагы Казакстандын премьер-министри Касым-Жомарт Токаевдин эжесине тиешелүү фирма төлөгөн.
2006-жылы имарат Токаевдин бир тууган жээнинин карамагына өткөрүлгөн.
Полиглот
Токаев казак, орус, англис жана кытай тилдеринде эркин сүйлөйт, француз тилин да билет. Стол тенниси менен алектенет. Үй-бүлөлүү, баласы бар. Улуу жүздүн өкүлү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз