Пятница, 20 сентября

АКШ YPG/PKK террорчуларын куралдандырууну улантууда

0

Вашингтон Сириядагы террорчуларга баасы $2,4 млн. турган 3 миң даана АК-47 автоматын берүүгө ниеттенүүдө.
АКШнын 2020-жылга карата коргонуу бюджетинде YPG/PKK террорчуларына кийин алар колдо жасалган жардыргыч зат катары колдонуп, Афринде, Аазазда, Эль-Бабеде жана Жераблуста пайдала ала турган көп сандагы куралдарды бөлүү каралган.
Мындан мурда, 12-мартта Пентагон 2020-жылга карата коргонуу бюджетинде негизги курамын YPG/PKK түзгөн “Сирия демократиялык күчтөрүнө” 300 миллион доллар бөлүнөрүн маалымдаган. Дагы 250 миллион доллар Сириянын чек арасындагы коопсуздукту камсыздоого жана ДЕАШ менен күрөшүүгө бөлүү каралган. Жалпысынан бул максаттарга 500 миллион доллар берүү пландаштырылууда.
“Анадолу” агенттиги маалымдагандай, АКШ ДЕАШ менен күрөшүү аяктагандыгы тууралуу билдирүүсүнө карабастан, YPG/PKKга колдо жасалган жардыргычтарды жасоо үчүн оор куралдарды жана ок-дарыларды берүүнү улантууда.
АКШ YPG/PKKга баасы 2,4 миллион доллар турган үч миң АК-47 автоматын берүү ниети бар экендиги белгилүү болууда. Мындан тышкары террорчулар эки миң даана С4, бикфорд жип жана беш миллион снаряддарды алышат.
C4 жардыргычы жана бикфорд жип колдо жасалган жардыргыч заттарга пайдаланылат жана алардын баасы 10,46 миллион долларды түзөт.
АКШнын колдоосуна таянган “Сирия демократиялык күчтөрү” Талль-Рыфат аймагынан Африн, Эль-Баба, Жераблус жана Аазазедеги калк жашаган айылдарга сокку урууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз