Понедельник, 20 мая

 Сутка ичинде коронавирус 230 адамдан аныкталды

0

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 230 адамдан табылып, 2 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 71 адамдан, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 71, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 36, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусунда 9 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 261 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 2 адам каза болгон: Бишкекте – 1, Талас облусунда – 1 киши.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 453 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 414 бейтап дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 79 миң 659 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 73 миң 561 киши айыгып чыкса, 1 миң 337 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз