Пятница, 18 октября

Кыргызстанда баланы өнүктүрүү борборлору ачылат

0

Кыргызстанда 50 китепкананын базасында баланы өнүктүрүү борборлору ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, тиешелүү чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков кол койгон.

“Бул документ мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүү жана аларга жеткиликтүү шарт түзүү максатында кабыл алынды”, — деп айтылат маалыматта.
Бул өнүктүрүү борборлорундагы билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактардын пландары өкмөттүн № 363 токтому менен бекитилген “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” мамлекеттик билим берүү стандартына туура келери кошумчаланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз