Пятница, 22 ноября

Парламент экономикалык мунапыс боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды

0

Жогорку Кеңештин депутаттары экономикалык мунапыс боюнча мыйзам долбоорун үч окуудан кийин жактырды.

Аталган документ бүгүн парламентте экинчи окууда каралып, талкууланган. Бирок добуш берүү учурунда үчүнчү окуудан дагы колго салынды. Натыйжада Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Айсулуу Мамашова каршы болсо, калган эл өкүлдөрү колдоп берди.

Сунушталган мыйзам долбоорунда эгер кайсы бир ишкер экономикалык кылмыш жасап же салыктан качса, мамлекетке келтирилген зыянды эки эселеп төлөтүү каралууда. Муну менен ал кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Мунапысты Финпол тарабынан соттук өндүрүшкө алынган жана соттолгон тараптар колдоно алат. Мунапыс берүүнүн мөөнөтү белгиленген эмес, бир адам экинчи ирет пайдалана албайт.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз