Пятница, 18 октября

1-январдан тартып автоунааны каттоо жана айдоочулук күбөлүгүн алуунун баасы арзандайт

0

Кыргызстанда 2021-жылдан тартып автоунааны каттоого алуу жана айдоочулук күбөлүк берүү боюнча кызмат баасы арзандайт. Бул тууралуу бүгүн,  23-декабрда Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 1-январдан тартып «Унаа» ишканасы акча төлөнүүчү кызматтарынын акысын орточо эсеп менен 34% төмөндөтөт.

Азыр 184 сомдук кызматтын акысы 120 сомдун тегерегинде болот.

Азыркы баалар 2019-жылы аныкталган болчу.

Расмий маалыматка караганда, соңку жылдары Кыргызстанда автомашинанын саны кескин көбөйдү. 40 миң машинага эсептелген Бишкекте азыр 400 миңдей автоунаа бар.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз