Суббота, 18 мая

Арменияда Пашиняндын отставкага кетүүсүн талап кылган митингдер уланууда

0

Армения оккупациялаган Тоолуу Карабахта Азербайжан армиясынан жеңилишинен кийин, премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетиши үчүн өлкөдө башталган нааразычылык акциялары уланууда.

Жамгыр жаагандыгына карабастан, борбор шаар Еревандагы Жумхуриет аянтында оппозиция уюштурган митингге көптөгөн демонстранттар катышты. Нааразычылык акциясына чыккандар аянтта Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган ураандарды көтөрүп чыгышты.

Армениядагы оппозициячылдар 10-ноябрда Пашинян Азербайжандан жеңилгенин кабыл алгандан кийин демонстрацияларды башташты.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз