Кыргызстанда бир суткада коронавирус 180 адамдан табылып, 307 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 67 адамдан, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 60, Ош облусунда – 14, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 15, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда 8 кишиден табылган.
Ошол эле учурда 307 адам коронавирустан айыгып чыккан.
Бир күн ичинде өлкө боюнча 5 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 4, стационардан 6 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 92 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 865 медкызматкер айыгып чыккан.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 80 миң 25 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 74 миң 177 киши айыгып чыкса, 1 миң 340 адам каза болду.