Воскресенье, 19 мая

Элчи Кубанычбек Өмүралиев түрк ишкерлери жана депутаттары менен жолугушту

0

2020-жылдын 22-декабрында Кыргызстандын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын ишкерлери жана бир катар депутаттары  менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Өмүралиев катышуучуларга өлкөбүздөгү саясий жана экономикалык кырдаал, анын алкагында 2021-жылдын 10-январында боло турган КРнын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Референдум тууралуу маалымдады.

Элчи Өмүралиев өлкөбүздөгү инвесторлорду жана ишкерлерди коргоо жана колдоо үчүн көрүлүп жаткан чараларды, анын алкагында КРнын Өкмөтүнүн жана Тышкы иштер министрилигинин жетекчилеринин Бишкекте жана региондордо ишкерлер менен жолугушканын белгиледи. Ошондой эле түрк тарабына Кыргызстандын инвестициялык потенциалы, тагыраак айтканда бизнес жүргүзүү шарттары жана ишкерлер үчүн төмөн салыктар тууралуу маалымат берип, ишкерлерди 2021-жылы КРнын Ыссык-көл облусунда өткөрүү көздөлүп жаткан Соода-экономикалык кызматташуу боюнча Кыргыз-Түрк Өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагындагы Кыргыз-Түрк Бизнес-форумуна катышууга чакырды.

Тараптар 2021-жылда Кыргызстанда Үчүнчү бизнес форумдун өткөрүлүшүн талкуулашты.

Түркиянын Караман облусунун депутаты Режеп Шекер Экинчи форумда катышкан эки өлкөнүн ишкерлери байланыштарды үзбөй, Кыргызстанда өндүрүштөрдү ачуу боюнча макулдашууларды ишке ашырууга аракет жасап жаткандыгын белгиледи. Ал ушул жылдын 26-30-декабрында 5 түрк ишкеринен турган топ менен Кыргызстанга инвестициялоо жана биргелешкен өндүрүштөрдү ачуу максатында иш сапар менен келе тургандыгын маалымдады. Ошондой эле Р.Шекер кийинки бизнес-форумду 2021-жылы Кыргызстанда өткөрүүгө даяр экендигин билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз