Воскресенье, 19 мая

Орусия Кыргызстанга 20 млн доллар өлчөмүндө жардам көрсөтөт

0

Орусия кыргыз өкмөтүнө бюджеттеги тартыштыкты убактылуу жабууга жардам берет. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

«Орусия Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 20 миллион доллар бөлө турган болду» — деп айтылат маалыматта. Бул акча бюджеттик мекемелерде иштегендердин айлык акысына, пенсия жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, саламаттык сактоо системасын каржылоого жумшалат.

Элчилик «Макулдашуунун долбоорун кыргыз тарап жактырды, жакында кол коюлат” деп билдирди.

25-ноябрда кыргыз өкмөтү бюджетте акча тартыш болгондуктан пенсия, айлык жана башка социалдык төлөмдөрдү мамлекеттен эмес, сырттан келген карыз акчадан төлөп берип жатканын моюнга алган. Тышкы жардам катары быйыл Кыргызстанга келген 25 миллиард сомдой акчанын 17 миллиардга жакыны пенсия, айлык акы, жөлөкпул сыяктуу төлөмдөргө кеткени маалым болгон.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз