Кыргызстандагы Кыргыз—Түрк «Манас» университетинин инженерия факультетинин окутуучулары профессор Нахит Акташ жана профессор Мехмет Кобя дүйнөнүн эң таасирдүү илимпоздорунун катарына кирди.
Тизме Стэндфорд университети тарабынан даярдалган.
Бул тизмени түзүүдө америкалык жана голландиялык илимпоздор 7 миллионго жакын изилдөөчүлөрдүн эмгектерин карап чыгышкан жана дүйнөдөгү илимий статьялардын саны, авторлордун даражалары эске алынган.
Изилдөөлөрдүн жыйынтыгынын натыйжасында түзүлгөн тизме кадыр-барктуу илимий журнал «Plos Biology»ге жарыяланды. Бул тизмеде Түркиядан дагы 857 илимпоз бар.