Суббота, 18 мая

Түркия өлкөгө кирүү талаптарын күчөттү

0

Түркия өлкөгө кирүү талаптарын күчөттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-декабрдан тарта учак менен, 30-декабрдан тартып жер үстүндөгү транспорт менен келген ар бир жүргүнчү акыркы 72 сааттын ичинде тапшырган COVID-19 үчүн “терс” жыйынтыктуу ПЦР-тестин көрсөтүшү керек. ПЦР-тести жок жүргүнчүлөр кала турган адрессте (үй, мейманкана ж.б.) карантинге алынат. Калуучу жайы жоктор саламаттыкты сактоо министрлигинин белгилеген жеринде карантинге алынат. Карантиндин 7-күнүндө ПЦР-тапшырылып, “оң” жыйынтык чыккандар чыгарылып, ал эми “терс” жыйынтык менен чыккандардын дарылануусу улантылат.

Чаралар 2021-жылдын 1-мартына чейин күчүндө болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз