Пятница, 17 мая

Сутка ичинде коронавирус 162 адамдан аныкталды

0

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 162 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 59 адамдан, Ош шаарында – 11, Чүй облусунда – 42, Ош облусунда – 6, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 25, Жалал-Абад облусунда – 10 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 237 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Коронавирустан жалпы 1 миң 349 жаран көз жумган. Бир күндө Бишкек шаарында бир адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 265 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 960 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 2 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй карантининен 4 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 106 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 889 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 80 миң 535 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 75 миң 57 киши айыгып чыкса, 1 миң 349 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз