Суббота, 21 сентября

Жапония чет элдик жарандардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салды

0

Жапония чек арасы бир айга чет элдик жарандар үчүн жабылат.

Бул тууралуу «Киодо» маалымат агенттиги өкмөттүн токтомуна таянып кабарлады.

Маалыматта чектөө бир канча өлкөлөрдөгү коронавирустун жаңы штаммынын аныкталгандыгына байланыштуу киргизилгендиги айтылат.

Коопсуздук чаралары ушул жылдын 28-декабрынан тартып 2021-жылдын 31-январына чейин улантылат.

Өлкөнүн сыртында кыска убакытка иш сапарга чыгып келген апониялыктар жана жашап турууга уруксаты бар чет элдиктер кайрадан 2 жумалык карантинге алуу процедурасынан өтүшөт. Мындан сырткары алар коронавируска каршы тапшырган «терс» натыйжалуу тестти көрсөтүшү керек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз