Воскресенье, 19 мая

Кубанычбек Өмүралиев ТИКАнын төрагасы менен жолугушту

0

Кечээ, 28-декабрда Кыргызстандын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарымдуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) төрагасы Серкан Кайалар менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ТИКАнын Кыргызстанда ишке ашырылып жана пландаштырылып жаткан саламаттыкты сактоо, туризм, маданият ж.б. тармактардагы долбоорлорун талкуулашты.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу кырдаалды эске алып, Элчи Өмүралиев ТИКА аркылуу ишке ашырылып жаткан Бишкектеги Кыргыз-Түрк достук ооруканасынын долбоору тез арада толук кандуу ишке кирээрине ишенимин билдирди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз