Воскресенье, 19 мая

Ошто милициянын кайгуул кызматына кабыл алуу сынагы аяктады

0

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматына кабыл алуу сынагы аягына чыкты.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы дене тарбия нормативдерин жакшы тапшырган 152 адам сынак комиссиясы менен маектешүүгө кирип 72си өткөнүн билдирди. Алардын 29у орто башкарма курам, 43ү кенже курам. Эми алар кесиптик даярдык боюнча окууга жөнөтүлөт.

Ош шаарында 7-декабрдан тартып, ИИМдин кайгуул кызматынын жана Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) кызматкерлеринен турган патрулдук милиция ишин баштаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз