Воскресенье, 28 апреля

Аксы райондук милициясынын жетекчиси кызматтан алынды

0

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Шекербек Таңгиров кызматынан алынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Милициянын полковниги Ички иштер министрлигинин буйругунун негизинде ишинен бошотулган.

Эске салсак, 7-октябрда Аксы районунун акимин кызматтан кетирүүгө байланыштуу башаламандык кандуу окуя менен аяктаган. Анда жергиликтүү тургун каза таап, дагы алты киши жаракат алган.

2-январь күнү УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын алдына 300гө жакын адам нааразычылык акциясына чыккан.

Алар Кербен шаарында 7-октябрдагы башаламандыкта жаракат алып каза болгон Уланбек Жамангуловдун өлүмүнө байланыштуу тергөө абагына камакка алынган эки адамды үй камагына чыгарууну талап кылышкан.

Алар, мындан сырткары, Аксы районунун акими Эсеналы Ормоналиев менен райондук милициянын башчысы Шекербек Таңгировдун кызматтан кетишин жана жоопкерчиликке тартылышын талап кылышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз