Пятница, 10 мая

АКШнын Техас штатындагы чиркөөгө куралдуу кол салуу болду

0

Техас штатынын жооптуу кызматкерлеринин жергиликтүү маалымат каражаттарына берген билдирүүсүнө ылайык, Далластан 160 чакырым чыгыш тараптагы Винона шаарындагы чиркөөгө ок атылгандыгы жөнүндө билдирүү алган коопсуздук күчтөрү аймакка барды.

Эрте менен болгон окуяда бир киши каза болуп, бир  киши да жараланды.

Райондук шериф Ларри Кристиандын айтымында, ал аты — жөнүн билдирбеген кол салуучунун көп өтпөй кармалгандыгын белгиледи. Кристиан билдирүүсүндө : «Окуянын жек көрүү кылмышы же ошол сыяктуу бир абал экендигин ойлобойм»,- деди.

Окуя тууралуу териштирүүнүн улантылып жаткандыгы билдирилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз