Пятница, 20 сентября

Д. Жумабеков Атамбаевдин сынына жооп кайтарды

0

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин парламенттин дарегине айткан сынына жооп кайтарды.
Жумабеков Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйнынында сөз сүйлөп, Атамбаевдин башкаруусундагы жылдарда коррупциялык механизмдер өнүгүп, бийликти узурпациялоо аракети болгонун билдирди.
Дастанбек Жумабеков Атамбаев өлкөнү башкарып турган жылдары парламентке кысым сезилип турганын жана өзүнүн кемчиликтерин парламентке оодаруу аракети болгонун белгиледи.
“Кыргыз элин карызга батырган бул — парламент эмес. Чет элден келген гранттарды, кредиттерди өөнөп жеген бул — парламент эмес. Бийликти ашыкча пайдаланып, өзүнүн оппоненттерине ар түрдүү кылмыш ишин токуп, куугунтуктаган бул — парламент эмес”,-деди Жумабеков.
Ошондой эле парламент төрагасы экс-президенттин айткан сындары саясий маданиятка жатпай турганын белгиледи.
“Экс-президент катары саясий маданиятка эле эмес, жөнөкөй адамдык сапатка жатпаган эмоционалдуу сөзүңүздү биз коррупцияга шектелип айыпталып жаткан жакын адамдарыңызды актоо аракети деп баалайбыз”-деп кошумчалады Жумабеков.
Буга чейин 17-мартта Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү боюнча митингде экс-президент Алмазбек Атамбаев парламентти орой сөз сынга алып, президент «Сооронбай Жээнбеков иниси Асылбек Жээнбековдун жетегинде калды» деп билдирген болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз