Среда, 24 апреля

Ош шаардык мэриясы шаардын борборунан жерлерди ижарага берет

0

Ош шаарынын борборунда жайгашкан фонтандын айланасындагы ишкерлик кылууга ылайыкташкан жерлер ижарага берилет. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жер тилкеси беш жылдык мөөнөткө ижарага берилет.

«571,1 чарчы метр жер жеңил типтеги конструкциядан соода-түйүн жана тез татым жайларын курууга, 80 чарчы метри ажаткана орнотууга, 10 897 чарчы метри көрктөндүрүү жана жашылдандырууга ала алышат. Конкурска бардык юридикалык жана жеке тараптар катыша алат», — деп айтылат маалыматта.

Конкурс тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн (03222)7-07-33, (0552)798181 телефондору же Ош шаары, Заднепровский көчөсү, №4 дарегине кайрылууга болот.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз