Пятница, 26 апреля

Жапаров: Кыргызстанды 3-4 жылдан кийин экономикалык кризистен алып чыгам

0

Президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Садыр Жапаров саясий туруктуулукка жетишсе, өлкөнү 3-4 жылдан кийин экономикалык кризистен алып чыгарын билдирди.

Садыр Жапаров борбор калаа Бишкекте өткөн маалымат жыйында акыркы 30 жылда коррупция ар бир тармакта тамыр жайгандыгын айтып, ар бир адам коррупция менен күрөшүүдө колун таштын астына коюп, мамлекетти колдошу керектигин баса белгиледи.

Шайлоочу аны коррупция менен күрөшүү үчүн шайлаганын белгилеген Жапаров: «Биз мурдагы бийликтердин каталарын кетирбейбиз. Саясий кысымдан алыс болобуз. Мыйзамдуулукту бузгандарга жол бербейбиз»,-деп айтты.

Өлкөдөгү көйгөйлөрдү чечүү үчүн 1-2 жыл жетишсиз экендигин айткан Жапаров:«Эгерде саясий туруктуулукка жетишсем, мен Кыргызстанды 3-4 жылдан кийин экономикалык кризистен алып чыгам»,-деди.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова президенттик шайлоодо алдын ала жыйынтыктарга ылайык, добуштардын 79,18 пайызын алган Садыр Жапаров жеңип чыккандыгын билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз