Кыргызстанга коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү үчүн алгачкы талапкер катары АКШнын Pfizer вакцинасы сунушталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
«Кыргызстан коронавируска каршы вакцинация боюнча эл аралык COVAX программасына мүчөлүк кылат. Анын алкагында бизге алгачкы талапкер катары АКШнын Pfizer вакцинасын сунуш кылышты, документтери келди. Биз анын канчалык ыңгайлуу экенин иликтеп көрүшүбүз керек. Азырынча бир кемчилиги катары анын сактоо шарты каралып жатат», — деди Үсөнбаев.
» «Pfizer» вакцинасы -70 градус режимде сакталышы керек. Бизде мындай шарт түзүлгөн эмес. Биз колдонулуп жүргөн эмдөө препараттардын баары баары +2…+4 режиминде сактала турган дары-дармектер болгон», — деди Үсөнбаев.
Ушундан улам Кыргызстан башка вакциналардын түрлөрүн да алар келгенде карап чыгып, өлкөдөгү шарттарга ылайыгын тандайт.