Суббота, 20 апреля

Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган Садыр Жапаровду куттуктады

0

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

Түрк президенти өз куттуктоосунда  шайлоо менен бир мезгилде өткөрүлгөн референдумдун натыйжалары жакшылыктарга жышаан болуусуна тилектештигин билдирген.

Мындан тышкары Таййип Эрдоган Жапаровдун өлкөнү кезектеги Парламенттик шайлоого алып бара турган жараянда аркалаган бул маанилүү милдетте ийгиликтерге жетишүүсүн каалады.

«Стратегиялык өнөктөш болгон өлкөлөрүбүз жана боордош элдерибиздин ортосундагы тыгыз достук байланыштар менен  бекемделген мамилелерибизди жана кызматташтыгыбызды мындан ары да өркүндөтүү үчүн биргелешип иштөөгө даяр экенимди билдирем» — деди Эрдоган.

 

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз