Четверг, 25 апреля

Бишкектеги бала бакчалар качан иштеп баштайт?

0

Бишкекте муниципалдык бала бакчаларды ачуу 1-февралга пландалууда. Бул туурасында Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын отурумунда вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.

«Эгерде эпидемиялык кырдаал начарлап кетпесе, анда 1-февралда ачабыз», — деди Чыныбаева.

Борбор калаанын башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев отурумдун катышуучуларына маалымат берип жатып, Бишкекте 14 жашка чейинки 25 бала коронавирус менен ооругандыгын айтты. Анын билдиргенине караганда, бөбөктөргө оору эң көп жуккан учур ноябрга туура келген.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз