YTB «Түркиянын стипендиялары» программасын жарыялады

0

Чет өлкөлөрдөгү түрктөр жана тектеш элдер башкармалыгы (YTB) кыргыз жаштарына Түркиянын эң абройлуу жогорку окуу жайларында бекер окуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул үчүн YTB быйыл да «Түркиянын стипендиялары» программасын жарыялады. Программага катышууну каалагандар онлайн режимде каттала алат.

Эскерте кетсек, «Түркиянын стипендиялары» программасынын алкагында өткөн 2020-жылы 171 өлкөдөн 160 миңден ашуун абитуриент Түркияда билим алуу үчүн YTB  стипендиясына кайрылып, колдоо алган.

Абитуриенттер Туркияда алгачкы жылы түрк тилин үйрөнгөндөн кийин жетишкендиктерине жараша университеттерге жайгаштырылат. Бакалавр, магистратура,  докторантура жана илимий изилдөөлөргө берилген Түркия стипендияларына,  студенттердин жатакана жана тамак-аш муктаждыктары менен ай сайын берилүүчү жөлөкпулдар кирет. Стипендия алуучуларга Түркияда жүргөндө медициналык камсыздандыруу да жасалат. Окуучулардын Түркияга алгачкы келүү учак билеттери менен окууну бүтүргөндөн кийин өлкөсүнө кайтуу учак билеттери да YTB  тарабынан камсыздалат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз