Пятница, 26 апреля

Сутка ичинде коронавирус 92 адамдан аныкталды

0

Бүгүн, 13-январга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 92 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 51, Чүй облусунан – 9, Ош облусунан – 10, Ысык-Көл облусунан – 3, Жалал-Абад облусунан – 10, Нарын облусунан – 3, Баткен облусунан – 1 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 82 587 адам ооруга чалдыккан.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 51, Ош шаарынан – 7, Чүй облусунан – 53, Ош облусунан – 10, Талас облусунан -4, Ысык-Көл облусунан – 26, Жалал-Абад облусунан – 8, Баткен облусунан – 10, Нарын облусунан – 8.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан Бишкек шаарынан 1 бейтап каза болду. Вирустан каза болгондордун жалпы саны 1375ке жетти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз