Суббота, 20 апреля

ЖОЖда окуу акысы баштапкы абалында калтырылды

0

Жогорку окуу жайларында (ЖОЖ) окуу акысын азайтуу тууралуу ата-энелердин, студенттердин өтүнүчү канааттандырылбай турган болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин, Бишкектеги бир катар ЖОЖдордун жетекчилери бүгүн, 13-январда басма сөз жыйынында билдиришти.

Алардын айтымында, учурда ЖОЖдор негизинен окуу акысына төлөнгөн каражат менен каржыланат. Министрликтин бюджеттик саясат жана финансы башкармалыгынын башчысы Акыйкат Муратованын айтымында, төлөнгөн акчанын 76% окутуучулардын айлык акысын төлөөгө жумшалат. Калганы окуу жайларынын имараттарын, инфраструктуралык түзүмүн өнүктүрүүгө, коммуналдык тейлөө үчүн төлөнөт.

«Электр энергиясы, жылуулук жана башка коммуналдык тейлөөлөр үчүн төлөп жатабыз. Окууга сарпталуучу чыгашалар бар, кагаздар кетет. ЖОЖдор иштебей жатат деп жаап коё албайбыз», — деди Баймуратова.

Билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров аралыктан окутуу учурунда тескерисинче ЖОЖдор санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо үчүн чыгашаларга дуушар болгонун билдирди. Анын сөзүнө караганда, окуу жайлары студенттерге окуу акысын төлөө мөөнөтүн узартып берүүгө макул болушкан.

Белгилей кетсек, буга чейин бир катар окуу жайларынын студенттери жана алардын ата-энелери аралыктан окутуу учурунда окуу акысын азайтууну талап кылышкан.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз