Четверг, 9 мая

Маршруттук таксилердин баасы жогорулайбы?

0

Бишкектин вице-мэри Азиз Алымкулов маршруткага түшүүнүн наркын жогорулатуу чечимин Бишкек шаардык кеңеши кабыл аларын билдирди.

Буга чейин жеке кичи автобустун айдоочулары жол кирени 10 сомдон 15 сомго чейин көтөрүүнү талап кылышкан. Жүргүнчү ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Алтынбек Доспаев тариф 2012-жылдан бери көтөрүлө электигин, бул арада май, унаа тетиктери жана азык-түлүк кымбаттаганын эске салды.

Шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров эгер муниципалитет мыйзам долбоорун киргизсе, депутаттар маселени карап чыгууга даяр экенин айткан.

Алымкулов маршрутканын айдоочулары менен жолугушканда маселе укуктук талаада акырындык менен чечилиши керектигин билдирип, Бишкек мэриясы жүргүнчү ташыган жеке фирмалардын жетекчилерине саботаж болуп кетсе лицензиясын алып коюу маселеси караларын да эскертти.

Ал эми Бишкек ШИИББдин жетекчи орун басары Эрлан Атантаев айдоочулардын саботажы менен жол кире акысынын кескин көтөрүлүшү коомдук тартипти бузууга алып келерин кошумчалады.

Мэриянын маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, аталган маселени караган жумушчу топ түзүлүп, иш алып барып жатат. Бир жума ичинде айдоочулар эсеп сметасын түзүп, Шаардык транспорт башкармалыгына беришет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз