Пятница, 20 сентября

Дарига Назарбаева Казакстан Сенатынын спикерлигине сунушталды

0

Дарига Назарбаеванын талапкерлиги Казакстан парламентинин Сенатынын төрагалыгына сунушталды. Бул тууралуу Tengrinews.kz. маалымат агенттиги билдирди.
Сенаттын депутаттары спикерди жашыруун добуш берүү менен шайлап алышат.
Мурда ал Сенаттын Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы кызматын ээлеген.
Казакстан Республикасынын Сенаты — Казакстан Республикасынын парламентинин жогорку палатасы. Сенатта 47 орун бар. Казакстан Республикасынын мурдагы президенттери кызматтан кеткенден кийин автоматтык түрдө сенатор болуп калышат. 2013-жылдын 13-октябрынан тартып Сенатты Казакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаев жетектеп келген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз