Четверг, 25 апреля

Орусиялыктар эмки жумадан коронавируска каршы жапырт эмдөөдөн өтүшөт

0

Орусиянын президенти Владимир Путин эмки жумада коронавирустан жапырт эмдөө ишин баштоону, бардык орусиялыктарды ал программага камтууну тапшырды.

Президент кечээ, 13-январда өткөрүлгөн өкмөттүн онлайн жыйынында жергиликтүү препаратты «дүйнө боюнча эң мыкты» деп атап, «Sputnik V» вакцинасын чыгарууну көбөйтүш үчүн инфратүзүмдү даяр кармоо зарыл экенин белгиледи.

COVID-19 илдети жуккан адамдардын саны жагынан Орусия дүйнөдө 4-орунда турат. Кеңири эмдөө вакцинанын клиникалык сыноосунун үчүнчү баскычы аяктай электе эле өткөн айда башталган.

Вице-премьер-министр Татьяна Голикова бийлик эмдөө программасын кеңейтүүгө 18-январда даяр болорун айтты. Маалыматка караганда, 1,5 миллион орусиялык «Sputnik V» менен эмделди.

Пандемия башталгандан бери Орусияда 3,4 миллион киши вирусту жугузуп алган, 63 миңден көп бейтап көз жумган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз