Среда, 24 апреля

Сутка ичинде коронавирус 136 адамдан аныкталды

0

Сутка ичинде өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жуктурган 136 учур аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 83, Чүй облусунан – 34, Ош облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 9, Нарын облусунан – 5, Талас облусунан – 1, Баткен облусунан – 2 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 82 723 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 205 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 78 563кө жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 72, Ош шаарынан – 5, Чүй облусунан – 53, Ош облусунан – 15, Талас облусунан -4, Ысык-Көл облусунан – 26, Жалал-Абад облусунан – 6, Баткен облусунан – 10, Нарын облусунан – 14.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан Бишкек шаарынан 3 бейтап каза болду. Алардын жалпы саны 1378ге жетти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз