Пятница, 19 апреля

Атамбаевдин баш коргоо чарасын кароо кийинкиге жылдырылды

0

Биринчи май райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын кароону кийинкиге жылдырды.

Атамбаевдин адвокаттары аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Жактоочу Замир Жоошевдин айтымында, судья кылмыш ишке тиешеси бар башка адамдар сот залына келбегенине байланыштуу баш коргоо чарасын кароодон баш тарткан. Сот отуруму 28-январь саат 14:00гө жылдырылды.

Эскерте кетсек, Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча айыпталып, он бир жыл эки айга эркинен ажыратылган. Мындай чечимди өткөн жылдын июнь айында Биринчи май райондук соту кабыл алып,  августта Бишкек шаардык соту аны күчүндө калтырган.

Ал эми Жогорку сот 30-ноябрда өкүмдү жокко чыгарып, ишти жаңыдан кароо үчүн кайра райондук сотко жиберген.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз