Среда, 24 апреля

Дональд Трампка импичмент жарыяланды

0

 АКШнын Конгрессинин Өкүлдөр үйү президент Доналд Трампка импичмент жарыялоо тууралуу резолюция долбоорун колдоп добуш берди. Бул долбоорду  232 конгрессмен колдоп, 192 ага каршы добуш беришти.

Эми бул чечимдин негизинде АКШ Сенаты президент Трамптын ишин соттук териштирүүгө алышы керек. Айыптоону Сенаттын кеминде 67 мүчөсү колдошу керек, азырынча бир да чечим андай босогодон өтө элек.

Импичмент — башаламандыка түртүү статьясы боюнча жарыяланды. Резолюция боюнча мамлекет башчынын кыймыл-аракеттери «оор кылмыштар жана жосунсуз жоруктар» деген конституциялык нормага кирет.

20-январда кызматынан кетип жаткан Доналд Трамп өлкө тарыхында эки жолу импичмент жарыялоо аракетине кабылган жалгыз президент болуп калды. Мунун алдында вице-президент Майк Пенс Конституциянын 25-түзөтүүсүнө таянып, Трампты кызматынан кетирүү жараянын баштабай турганын билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз