Кыргызстанда бир суткада коронавирус илдетин 134 адам жуктуруп алган. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 46 адамдан, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 45, Ош облусунда — 12, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 25, Баткен облусунда – 3, Жалал — Абад облусунда — 8 кишиден табылган.
Ал эми бир сутка ичинде 152 адам коронавирустан айыгып чыккан.
Коронавирустан жалпы 1 миң 381 жаран көз жумган. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 3 адам каза болду: Бишкекте — 1, Ош облусунда – 1, Чүй облусунда — 1 адам.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 812 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 21 адам дарыланууда.
“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Үй карантининен 4, стационардан 2 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 150 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 46 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 82 миң 857 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 78 миң 715 киши айыгып чыкса, 1 миң 381 адам каза болду.