Суббота, 20 апреля

Акматов: Жээнбековдун командасы Жапаровго иштеди

0

Журналист Айданбек Акматов социалдык баракчасында Кыргызстандагы октябрь окуялары тууралуу пикирин жарыялады. Ал жерде Акматов, Өмүрбек Текебаевдин 9-октябрда аянтка чогулгандардын жарымынан көбү Сооронбай Жээнбековдун адамдары болгонун айтканын чечмеледи. Акматов мындай дейт:

“Жээнбековдор эмне үчүн Ташиев жана Жапаровду тандап алышты? Аларды бийликке алып келүү үчүн бардык аракеттерин жасашты. Парламентти топтоп беришти. Андан кийин биротоло байлап беришти?

Анткени Жээнбековдор үчүн Ташиев жана Жапаров айыгышкан “жоо” эмес эле. Ташиев Жээнбековдун командасына кирип, анын президент болушуна 2017-жылы салым кошкон. 4-октябрда да Ташиев Жээнбеков менен сүйлөшүүгө барганы белгилүү. Андан сырткары Жапаровду Жээнбеков камаган эмес. Убагында бошотуп койбогону эле болбосо…

Атамбаевдин бийликке келиши Жээнбековдор үчүн жогоруда айтылгандай өлүмгө тете нерсе эле. Бабанов да “жоо” болуп турган. Ал эми Мадумаров сөзү катуу тийген, келишкис оппонент болуп калган эле. Ошондуктан Жээнбеков  “чимкирик” парламенти менен Ташиев, Жапаровду колдоого алган. Алар азыркы кезге чейин бир команда. 10-январда президенттик шайлоодо да Жээнбеков, анын парламенттеги, бийликтеги жан-жөкөрлөрү бүтүндөй Жапаровго иштеп, аны жеңишке жетишине бардык аракеттерди жасашты.

Текебаевдин сөзүнүн чындыгын Сооронбай Жээнбеков менен азыркы баш прокурор Курманкул Зулушевдин ошол кезде сөгүшө сүйлөшкөн аудиосу да ырастайт. Ал аудио көпчүлүктү таңданткан”.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз