Вторник, 23 апреля

Сурабалдиева: Пандемия тушунда жасалма статистикалар жарыяланган

0

Пандемиянын күчөгөн маалында Кыргызстанга келген жардамдардын бөлүштүрүлүшүн иликтеген комиссиянын ишинин жыйынтыгынын кечеңдеши айрым мамлекеттик органдардын документтерди жана маалыматтарды берүүнү создуктурганына байланыштуу болгон. Бул тууралуу вице-премьер-министр  Эльвира Сурабалдиева билдирди.

Анын айтымында, ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымы биринчи эле күндөн тарта иштөөдөн баш тарткан. Айрымдар куугунтук болушунан коркуп, кээ бирине достору, тааныштары «байланышып» , мындан ары ишин улантпоону суранышкан.

Вице-премьер комиссиянын корутундусуна ылайык, пандемия учурундагы өлүмдөр тууралуу маалыматта миңдеп айырма чыгып жатканын белгиледи. Анын айтымында, биринчи толкун жогорку чекке жеткен тушта айрым чиновниктер документтерди кечеңдетип, натыйжада дарылоодо жана дары-дармек бөлүштүрүүдө башаламандык пайда болгон.

«Жең ичинен сүйлөшүүлөр болуп, кимдир бирөө пандемиядан бизнес жасаган. Мурда айтылгандай, комиссиянын ишинин жыйынтыгында катардагы медицина кызматкерлерине сын болбойт. Дарыгерлер эрдик көрсөтүп, адам өмүрүн сактап калууга далбастап аракеттенип жатканда айрым чиновниктер узак мөөнөттүү эс алууга чыгып кетишкен. Айрым оорукананын башкы дарыгерлери керек болсо «кызыл зонага» да барышкан эмес» — дейт Сурабалдиева.

Вице-премьер пандемия күчөгөн маалда келген гуманитардык жардамдардын чындыгында эле белгилүү адамдар тарабынан тонолгондугун баса белгиледи. Ошондой эле жакынкы аралыкта журналисттер менен жолугушуу уюштуруп комиссиянын изилдөөсүнүн жыйынтыгын жарыялай тургандыгын айтты.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз