Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган 14-январь күнү кытай фармкомпаниясы тарабынан жасалган CoronaVac вакцинасын алды. Жергиликтүү медиа эмдөө учурун Анкара шаардык ооруканасынан түз эфир аркылуу алып көрсөтүштү.
Эмдөөдөн кийин мамлекет башчы бул маалыматты Твиттер баракчасынан бөлүштү.
Мындан сырткары Эрдоган Туркияда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн медиктердин саны 300 миңге жакындаганын кабарлады.
Ал кыска аралыкта өлкөдөгү бүтүндөй калктын эмдөөдөн өтүүсүнөн үмүтү чоң экендигин билдирди.
Анын айтуусунда, Түркияга 25-30 миллион доза коронавирус вакцинасы келе тургандыгын айтты.