Воскресенье, 24 ноября

Казакстанда өкмөт отставкага кетти

0

Казакстанда 10-январда өткөн парламенттик шайлоодон кийин премьер-министр Аскар Мамин баштаган өкмөт жаңы өкмөттү түзүү үчүн отставкага кетти.

Президенттиктин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, президент Касым Жомарт Токаевдин, Конституцияга ылайык парламенттик шайлоодон кийин өлкөдө жаңы өкмөт бекитилгенге чейин учурдагы министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн өз милдеттерин улантуулары жөнүндөгү жарлыкка кол койгону маалымдалды.

Буга караганда, өлкөнүн учурдагы премьер-министри Аскар Мамин башында турган өкмөт отставкага кетип, жаңы министрлер кабинети түзүлгөнгө чейин өз ишин улантуу чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Казакстанда 10-январда өткөн парламенттик шайлоодо бийликтеги Нур Отан партиясы (71,9 пайыз), Ак Жол Демократиялык партиясы (10,95 пайыз) жана Казакстан Элдик партиясы (9,10 пайыз) 7 пайыздык чектен өтүп парламентке кирген болчу.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз