Суббота, 27 апреля

Индонезиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 73кө жетти

0

Индонезияда 15-январдагы болгон жер титирөөдөн каза болгондордун саны 73кө жетти.

Табигый кырсык менен күрөшүү Улуттук агенттигинин өкүлү Радитья Джатинин айтуусунда эвакуацияланган 27850 киши 25 аймакка жайгаштырылды.

Азыркы учурда Мамуджу районунан 64 жана Маджене районунан 9 киши болуп, жалпысынан каза болгондордун саны 73 адамга жетти.

Табигый кырсыктын натыйжасында 253адам оор жаракат алып, алардын дарылануусу улантылууда. Издөө-куткаруу иш-чаралары улантылууда.

Эске сала кетсек, күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөөнүн очогу Индонезиянын түштүк-чыгышындагы Ачех провинциясындагы Суматра аралында, 20 чакырымдан ашык тереңдикте болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз